Жогорку Кеңешке шайлоого болжолдуу 20га жакын партия катыша тургандыгын БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын айтымында, учурда 75 партия шайлоо жарышына катышууга даярдыгы тууралуу билдирүү жасады.

Талапкерлерди көрсөтүү этабы тууралуу


Процесс эми башталат: талапкерлердин тизмесин тапшыруу, шайлоо күрөөсүн төлөө. Бул этапта партиялар биригиши мүмкүн. Мурда партиялар шайлоого чейин 6 ай мурда каттоодон өтүшү керек болсо, эми алар шайлоого чейин каалаган убакта каттоодон өтө алышат.

Шайлоо аралаш тутум боюнча өткөрүлөт. Депутаттардын саны 120дан 90 адамга кыскарды.

Бир мандаттуу округдар тууралуу

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата 36 бир мандаттуу округ түзүлгөн. Бир округда 100 миң шайлоочу болушу керек (+/-20%). Мисалы, Нарын облусунда эки округ түзүлгөн: Кочкор-Жумгал-Ак-Талаа райондору жана Ат-Башы-Нарын райондору, Нарын шаары.

Же Ош облусу жана Ош шаарынын мисалында алсак. Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай райондорунан бир округ түзүлгөн. Тажикстан менен чектешкен жерде Карамык айылы бар, ал айылдан Ош шаарына чейин 4-5 сааттык жол. Элестетип көрүңүзчү, талапкер канча жерди айланышы керек. Ал эми шайлоо комиссиясы Гүлчө айылында жайгашат. Айрымдар Кара-Кулжанын бир бөлүгүн Өзгөнгө, экинчи бөлүгүн башка районго кошуп коюуну сунуштады. Бирок, жалпысынан, биз Ош облусун жана Ош шаарын 9 округга бириктирдик. Анткени Ош шаарында 156 миң шайлоочу жашайт.

Чет өлкөдөгү шайлоо округдары тууралуу

Чет өлкөлөрдө кыргызстандык 800 миң – 1 млн. жаран бар. Бирок 9-сентябрда түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинде 67 миң адам катталган, ошондуктан биз бир мандаттуу округ түзө алган жокпуз.

Үгүттөө тууралуу

Талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлануу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшоосу зарыл. Алар айылдарды кыдырып, керек болсо, ар бир үйгө кириши керек. Бул үчүн үгүт иштери жүргүзүлөт. Бирок, белгилүү бир чектөөлөр бар: концерттерди, спорттук турнирлерди уюштурууга тыюу салынат. Бүгүнкү күндө үгүттөө жүргүзүү үчүн башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Эң негизгиси, талапкер атаандаштарын жамандабашы керек.

Саясий кызматты аркалаган мамлекеттик же муниципалдык кызматкер депутаттыкка талапкерлигин көрсөткүсү келсе, кызматтан кетиши керек. Өткөн жылы административдик ресурсту колдонуу боюнча нааразычылыктар болгон. Эмне үчүн мындай болду? Кээ бир түзүмдөрдүн кызматкерлери иштен убактылуу гана кетип, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп жатышты. Алар өз ыйгарым укуктарын үгүт иштерин жүргүзүү үчүн колдоно башташты. Эми мындай мүмкүнчүлүктү алып салышты.

Маалымат үчүн:

“КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык:

  1. Аталган конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларды эсепке албаганда, бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.
  2. Эгер талапкер төмөнкүлөрдүн бири болсо, ал көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотот:


    1) Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен тышкары, мамлекеттик саясий кызматкер;


    2) жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары, муниципалдык саясий кызматкер;


    3) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.


    2-1. Эгерде талапкер төмөнкүлөрдүн бири болуп саналса, ал көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат:


    1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы;


    2) муниципалдык кызматчы;


    3) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери.
  3. Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.