-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Түркиянын белгилүү актрисасы Мерием Үзерли Бишкекке келди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Asian World Film фестивалы жана Aitysh USA бирикмеси жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Азия аймактык телесериалдар үчүн сыйлык уюштуруларын кабарлады.

Бул долбоордун бет ачары бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте өтүүдө. Ага немис-түрк актрисасы Мерием Үзерли келип катышууда.

Теги түркиялык, Германияда жашаган актриса «Даңазалуу доор» кино-сериалында тарыхый инсан Хүррем султандын ролун аткарып, дүйнөгө таанылган.

Asian World TV Series аттуу сыйлыкты тапшыруу 2022-жылдын май айынын баш жагына белгиленип жатат. Анын алкагында телесериалдар тандалып, кино тармагындагы белгилүү режиссер, актер, актрисалардын катышуусу менен өтөт.

Бул долбоорду Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОнун ыйгарым укуктуу өкүлү Садык Шер Нияз, ишкер Шухрат Ибрагимов негиздеди. Садык Шер Нияз «Айтыш фильм» киностудиясынын да негиздөөчүсү. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь