-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун башчысы Ахмад Масуд «Талибан» кыймылынын жаңжалды тынч жол менен жайгаруу боюнча сүйлөшүү сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкканын Рейтер агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматы боюнча, талиб күчтөрү Панжшердин борбору Базаракка киргенин жарыялашкан.

«Эгер талибдер дагы Панжшер менен Андарабдагы чабуулдарын жана согуштук аракеттерин токтотсо, туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронту” согушту токтотууга даяр», — деп билдирди Ахмад Масуд.

Буга чейин ооган маалымат каражаттары ислам аалымдары кеңеши «Талибанды» Панжшердеги согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө чакырганын жазып чыгышкан.

Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы — Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланып, ар бир тарап жеңгенин билдирип келишкен. (МТа)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь