-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Ооганстан: Панжшердеги салгылашуу жөнүндө ача пикир айтылууда

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

“Талибан” кыймылы жана Ахмад Масуд башында турган каршылашы Панжшердеги салгылашуу жөнүндө эки башка пикир айтып жатышат.

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү 4-сентябрда Панжшер провинциясынын административдик борбору (Кабулдан 100 чакырым алыстыкта) Базаракка жакындаганын жана бир катар райондордо ийгиликке жетишкенин билдирди. Tolo News телеканалы маданият боюнча жергиликтүү комиссиянын мүчөсүнүн сөзүнө таянып, Панжшердеги төрт район талибдерге өткөнүн кабарлады. Азырынча бул маалыматты тастыктоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Ооганстандагы мурдагы вице-президент, оппозиция лидерлеринин бири Амрулла Салех буга чейинки видео кайрылуусунда Улуттук фронттун күчтөрү кыйын кырдаалда турганын айтып, бирок каршылык уланарын билдирген.

Ооганстандагы каршылык көрсөтүү улуттук фронттун башкаруучусу Тауфикулла Расих талибдердин жети согушкери өлтүрүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди. “Талибан” кыймылы согушкерлеринин курман болгону жөнүндө маалыматты четке какты.

15-августта Ооганстандын борбору Кабулга талибдер басып кирип, өлкө аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялашкан.

Ахмад Масуд башында турган оппозициялык күчтөрдү бириктирген Улуттук фронт жоочуларга каршылык көрсөтүүдө. Масуд “Фейсбуктагы” баракчасына Панжшер “катуу позицияны карманууда” деп жазды.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь