-5.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

КМШ оюндары: Калмира Билимбек кызы алтын медалга ээ болду 

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндарында кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы алтын медал утту. Ал кыз-келиндер күрөшү боюнча 55 кг салмакта күч сынашкан. Бул тууралуу Спорт агенттиги маалымдады.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча кыргызстандык Марсбек кызы Назира ( 62 кг) жана Нураида Анаркулова (59 кг) күмүш медалга ээ болушту. Бермет Нурдин кызы (57 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг) жана Назик Мирлан кызы (50 кг) КМШ Оюндарынын коло байгесинин ээси болушту.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков жана Икромжон Хажимурадов (65 кг) күмүш медал тагынышты. Тайырбек Жумашбек уулу ( 61 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг) жана Айбек Токтогул уулу ( 70 кг) коло байге алды.

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндары 11-сентябрга чейин уланат. Анда 16 спорттун түрүнөн 182 комплект медал ойнотулат.

Калмира Билимбек кызы кадеттер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге татыган. (TSh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь