Президентти жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзамга президент кол койду. Ал аралаш системага өтүүнү сунуштады, мында 36 депутат бир мандаттуу округдан, ал эми 54 – партиялык тизме боюнча шайланмакчы. Алдыда боло турган шайлоолордогу жаӊы толуктоолор тууралуу КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов кеп куруп берди.

  • Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, аралаш шайлоо системасы боюнча шайлоо тажрыйбасы колдонулмакчы. Бул демек, эмне?
  • Белгилей кетчү нерсе, жумушчу топ эки вариантты сунуштагандыктан, президент тарабынан аралаш системасы боюнча шайлоо варианты кабыл алынды. Алгач, ал бир мандаттуу округдан 35, ал эми партиялык система боюнча 55 орунду болжогон. Бир мандаттуу округдар, орточо эсеп менен алганда, ар бир округга болжолдуу 1000дей шайлоочу туура келет. Ал эми партиялык система боюнча, учурда иштеп жаткан норма боюнча жумушчу топ тарабынан добуш берүүнү эски система боюнча өткөрүү сунушталган. Бирок, экинчи окулушта Жогорку Кеӊеш оӊдоолорду киргизип, эми преференциалдык системаны сунуштады. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө бир мандаттуу округдан – 36 жана партиялык система боюнча, бирок ачык тизменин негизинде 54 орунга ээ болуп отурабыз. Бул демек, биздин шайлоочу саясий партиянын өзүн эле эмес, саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерди да тандай алат дегенди билдирет.
  • Айтыӊызчы, аталган система, биринчи кезекте, эмнеге багытталган?
  • Биринчи – бул коомчулуктун парламент депутаттарынын санын 90 адамга чейин азайтуу талабы. Акыркы убактарда саясий партиялар бийликти ээликтөө менен партия лидерлери тарабынан гана чечим кабыл алынган жабык акционердик коомго айланып кетти деген тынчсыздануунун айланасында бир катар кызуу талаштар жүрүп жатат. Мына ошондуктан биздин депутаттарыбыз көз каранды болбошу үчүн аралаш система сунушталды.
  • Сиз Жогорку Кеӊештин депутаттары биринчи окууда добуш берүүнүн преференциалдык системасынан баш тарткандыгын, бирок, көптөгөн эксперттер аталган система добуш берүүнүн жүрүшүн татаалдаштырат дегенине карабастан, бул шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга алып келет деп, акырында, дал ушул преференциалдык системаны өзгөртүү тууралуу чечимге келишкендигин айттыӊыз. Чынында эле ошондойбу?
  • Албетте, аталган система коомчулукта көптөгөн талаштарды жана суроолорду жаратууда. Белгилеп кетчү нерсе, БШК төрайымы баяндамачы жана аталган мыйзам долбоорун өткөрүүчү катары парламенттин жыйынында мына ушул тобокелдиктер тууралуу билдирди. Эгер биз алгачкы долбоордо сунушталган система боюнча кете турган болсок, анда бизде бир мандаттуулук боюнча программабыз да, техникалык камсыздообуз да партиялык система боюнча шайлоого 100% даяр болмок. Ал эми преференциалдык система боюнча 2015-жылдан бери АЭУ аркылуу алдын ала жыйынтыктарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берген биздин программаларыбызга толуктоолорду киргизүү үчүн бизге бир аз убакыт талап кылынмакчы.


    Мындан тышкары, бизге программаны толуктап иштеп чыгуу үчүн белгилүү бир убакыт керектелди. Шайлоочулар округдар боюнча өз депутаттарына жана партиялык система боюнча экинчи бюллетенде партияга жана талапкердин өзүнө добуш бергенде, добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөдө, албетте, тобокелчиликтер да, кыйынчылыктар да болушу мүмкүн. Ар бир партияга талапкерлердин тизмеси үчүн 54 номер берилет, ал эми шайлоочу саясий партияны жана андагы талапкердин номерин эстеп калышы керек. Добуштарды эсептөөгө көбүрөөк убакыт керектелет. Ошону менен бирге эле, БШКнын техникалык камсыздоо программасы жакынкы аралыкта толукталып иштелип чыгат.
  • Айтыӊызчы, эгер ар бир партиядан 54 талапкер сунушталса, шайлоо алдындагы жарышка канча талапкер катышат?
  • Өткөн жылдардын тажрыйбасына таянсак, орточо эсеп менен, аркы-беркиси болуп 20дай партия катышат, анткени, күчтүү талапкерлер жана партия лидерлери бир мандаттуу округдарга кетиши толук ыктымал, андыктан мында жаӊы партиялар түзүлүшү да мүмкүн. Болжолдуу айтсак, 1,5-2 миӊ талапкер болушу мүмкүн.
  • Добуш берүүнү кандайча өткөрүү каралып жатат?
  • Менимче, бул кош шайлоо болот го, башкача айтканда, шайлоо участкаларында эки АЭУ, эки башка тизме колдонулат, анткени бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге жергиликтүү коомчулуктун тургундары гана кирмекчи. Ал эми бир округ боюнча шайлоочулардын атайын категориясы каралган. Бул эки тизме дээрлик окшош болот, алар убактылуу изолятордогу аскер кызматкерлерин жана башка категориядагы адамдарды, ошондой эле башка тизме боюнча, башкача айтканда, бир округ боюнча добуш бере турган ооруканалардын бейтаптарын да камтыган.