-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Талиптер Ооганстанды калыбына келтирүүдө Кытайга үмүт артууда

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

«Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид 2-сентябрда италиялык La Repubblica гезитине курган маегинде Кытай Ооганстан менен дипломатиялык мамилесин үзбөй турганын билдирди. Анын айтуусунда Кабулдагы жаңы бийлик АКШнын аскерлери чыгып кеткенден кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө Бээжинге үмүт артат.

«Кытай биздин негизги өнөктөшүбүз жана Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн инвестиция салууга даяр. Биз «Бир кур-бир жол» демилгесин колдойбуз. Бизде Кытай иштетүүсү мүмкүн болгон жез кендери бар. Кытай бизди дүйнөлүк базарга алып чыгат», — деди Мужахид.

2-сентябрда «Талибандын» дагы бир өкүлү Кытай Ооганстандыг элчилигин жаппай, «мамилени бекемдөөгө жана гуманитардык жардамды көбөйтүүгө» убада кылганын билдирди.

АКШ жана өнөктөштөрү талиптер бийликке келгенден кийин Ооганстандагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүн жабышкан.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь