Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акматбек Келдибековго карата чыккан барык сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, анын иши кайра каралып чыкмай болду. Бул тууралуу 3-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 18-августундагы токтому менен Акматбек Келдибековго карата Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмдөрү жана Жогорку Соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы токтому жокко чыгарылды”, – деди Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева.

Мекеменин маалыматына караганда, Келдибековдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу өтүнүчү канааттандырылды. Прокуратуранын ишти соттун биринчи инстанциясына жөнөтүү тууралуу корутундусу эске алынды.

Кылмыш иши кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.