-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Казакстанда «Аралтуз» ишканасынын жүздөгөн жумушчулары иш таштады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Казакстандын Кызылордо облусундагы «Аралтуз» ишканасынын жүздөгөн жумушчулары иш таштады. Алар айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылып жатышат. Жумушчулдардын айтымында, азыр алардын маянасы 48 миң тенге же 110 доллардын тегерегин түзөт.

Эми алар 100 миң тенгеге чейин көтөрүлүшүн каалашат.

«Аралтуз» Казакстандагы туз өндүрүп, иштеткен ири компания. Расмий маалыматтарга караганда, ишкана жыл сайын 450 миң тонна туз өндүрөт. Анын 75% Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Украинага экспорттолот. Ишканада 1200 адам иштейт.

Ишкана тузду Жаксыкылыш аймагынан өндүрөт. Ал жакта 16 миллион тонна туздун кору бар экенин кабарланып келет.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь