-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

АКШда Ида бороону кеминде 41 адамдын өмүрүн алды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

«Ида» бороонунан пайда болгон суу ташкыны АКШнын түндүк-чыгышындагы штаттарда 41 адамдын өмүрүн алып кетти.

Көпчүлүк адамдар ташкын унааларды жана жер төлөлөрдү каптаган учурда каза болушканы кабарланды. Нью-Жерсиде кеминде 23, ал эми Нью-Йоркто 12 адам суу ташкындын курмандыгы болгон. Ага чейин Луизиана штатында алты киши каза болгон.

Нью-Жерси менен Нью-Йоркто чукул кырдаал жарыяланды. Бийлик жол тазалаган бригадалар иштеп жаткан учурда жарандарды үйдөн чыкпай турууга чакырды.

Торнадо дагы бир катар штаттарга жетип, жүздөгөн үйлөрдү жана бак-дарактарды кыйратып кеткени кабарланды.

Социалдык тармактарда бороондун кесепеттери тартылган сүрөт, видеолор жайнады.

АКШ президенти Жо Байден бейшембиде элге кайрылып, «Ида» бороону, суу ташкыны жана токойдогу өрт климаттык кризистин көрсөткүчү деп билдирди. Президент өлкө жаратылыш кырсыктарына даяр болушу керектигин эскертип, Конгресске энергосистеманы жана инфраструктураны каржылоону камтыган чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

«Ида» мындан 16 жыл мурун Жаңы Орлеанда болгон «Катрина» кырсыгын эске салды. Анда 1800дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь