0.1 C
Бишкек
Четверг, 20 января, 2022

Чек ара: жаңжалда уурдалган мал-мүлк кайтарыла элек

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Чек арадагы жаңжалда уурдалган ондогон автоунаа менен жүздөгөн мал-жандыктарды Тажикстан тарап Кыргызстанга кайтара элек. Жергиликтүү бийлик кыргызстандыктардын жоголгон мүлкү жана малдары кошуна өлкөдө экенин ишенимдүү айтып жатат. Тажикстан тарап аны четке кагууда. Сүйлөшүү аракетинен азырынча майнап чыккан жок. Карапайым калк өкмөткө үмүт артып турган чагы.

Тажикстанга чектеш Максат айылынын тургуну Алмаз Эшимбетов жазында трактор сатып алганда бүтүндөй кыштак сүйүнгөн. Себеби, айылда трактор жок болгондуктан, талаа иштерине башка жактан жалдап иштетишчү.

Бирок Алмаздын жана айылдаштарынын кубанычы эки айга да жетпеди. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда трактор жоголду.

«Алты балам бар. Трактор менен тирилик кылып, аларды багайын дегем. Анын табылышына үмүтүм да өчүп баратат. Тажикстанга киргенден кийин аны бөлүп-бөлүп метталолломго тапшырып жиберишсе керек. Ошентсе да мамлекеттен үмүтүм бар», — деди Эшимбетов.

Ал тракторду 315 миң сомго сатып алган, каражаттын жарымы карыз эле.

Максат айылынын дагы бир тургуну Насиба Максытованын үйүнөн да жеңил автоунаа, бир уй жана төрт кой жоголгон.

«“Волксваген Пассат” үлгүсүндөгү машине эле. Короодо калган. Автоунаанын номурун таштап, өзүн Тажикстанга айдап кирип кетишкен. Майыптыгы бар баламды ошол машинеде райондун борборуна дарыгерге ташыйт элек», — деди Максытова.

Чек ара жаңжалында жергиликтүү эл жанын аман сактап калуу үчүн коопсуз жакка убактылуу кетүүгө аргасыз болгон. Ок атылып, үйлөр талкаланып жаткан кезде эч кимде мал-мүлкүн алып кетүүгө мүмкүнчүлүк жок эле.

Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкуловдун айтымында, куралдуу кагылышта Тажикстан тарапка жети жүк ташуучу, 36 жеңил автоунаа жана 509 бодо мал айдалып кеткен. Алардын бири да кайтарыла элек.

Алмазбек Рахманкулов

Алмазбек Рахманкулов

«Үч жүк ташуучу автоунаа жаңжалга чейин кирген экен. Төртөөнү кийин айдап кирип кетишкен. Мен Гафуров районунун акими менен сүйлөшкөм. Жалпы 36 жеңил машине, бусиктер, «Портер» үлгүсүндөгү автоунаалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин бирөөсү да чыкпады. Бир нече жолу жолугушуу учурунда айттым, аким андай техника жок деп жатат», -деди аким.

Рахманкулов Тажикстандын Гафуров районунун акимине кат менен кайрылганын, бирок жооп бере электигин кошумчалады. “Азаттык” азырынча Тажикстандын органдарынан бул жаатта маалымат ала алган жок.

Кыргыз бийлиги жеке ишкерлердин колдоосунда тургундарга жаңы үй куруп, бизнес ээлерине акчалай жардам берүүдө. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жоголгон автоунаа жана мал-жандыктардын саны өкмөткө жиберилгенин айтты:

Абдикарим Алимбаев

Абдикарим Алимбаев

«Бул боюнча өкмөттө комиссия иштеп жатат. Жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүнүн биринчи этабын аяктады. Жабыр тарткан ишкерлерге 200 миң сом жардам жана үч жылга 200 миң сом ссуда берилди. Кийинки этапта жоголгон мал-мүлктөрдү калыбына келтирүү жагы каралат».

Экономикалык маселелер боюнча серепчи Эркин Абдыразаков жаңжалдан бери төрт ай өткөнү менен, жоголгон мал-мүлктүн бири да табылбаганын “бийликтин чабалдыгы” деди:

Эркин Абдыразаков

Эркин Абдыразаков

«Памирдеги кыргыздарды алып келебиз деп көкүрөк кагабыз. Адегенде бийлик мамлекетибиздин туруктуу жарандардын кызыкчылыгын коргоп албайбы. Бийликтин сүйлөшүүлөрүнүн пайдасын көрбөдүк. Парламент депутаттары трибунада кыйкырбай, кошуна өлкөдөгү депутаттар менен сүйлөшсө, балким маселелерди жайгаруунун жолдору табылмак».

Эркин Абдыразаков жаңжалда жоголгон мал-мүлк маселеси чек арада жаңы чыңалууларга себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Чек ара жаңжалында талкаланган үйүнүн урандыларынын арасында турган аял. Баткен облусу.

Чек ара жаңжалында талкаланган үйүнүн урандыларынын арасында турган аял. Баткен облусу.

Баткен: ишкерлердин чыгымын жаппаган кенемте

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы 53 ишкерге мамлекет 200 миң сомдон каржылык колдоо көрсөттү.

Андан тышкары үч жылдык мөөнөткө 0,1 % менен 200 миң сомдон ссуда берилүүдө. Чек ара жаңжалында дүкөндөрү өрттөнгөн, тонолгон ишкерлер миллиондогон сом чыгым тартканын, мамлекет берген жардамдар чыгымдарды жаба албай турганын айтууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык жардам берилип бүттү. Лейлек районундагы 51, Баткен районундагы 2 ишкерге 200 миң сомдон берилди. Ошондой эле, үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомдон ссуда берилип жатат.

«Чыгым ар башка, кенемте бирдей»

Лейлек районунун Арка айылында дүң соода кылган азык-түлүк дүкөнүн иштеткен Наргиза Орозалиева чек арадагы куралдуу жаңжалда дүкөнү тонолуп 15 млн. сомго жакын чыгым тартканын айтууда. Келтирилген чыгымды эсептеген комиссия 10 млн. сом чыгым тарткан деп эсептеп кеткен. Миллион сомго жакын насыясы бар Орозалиева мамлекет берген каржылык жардамды өтө аз деп эсептейт.

“Болгону 200 миң сом компенсация берди. 200 миң сом ссуда берет экен. Ал эмнеге жарайт? Болгону 4-5 муздаткыч аласың. Биз 10-15 млн. сом чыгым тартканбыз. Комиссия чыгымды 10 млн. сом деп эсептеп кеткен. Ушу менен компенсация болду дейт. 100 миң сом чыгым тарткан адам 400 миң сом жардам алганы жатат, ошол эле каражатты 10 млн. сом чыгым тартканга да беришет. Өкмөт насыялар жоюлат деген. Пайызын гана тоңдуруп койду, насыябыз турат”.

Арка: жаңжалда чыгым тарткан соодагерлердин үмүтү

Ушул эле Арка айылында эки дүкөнү тонолуп, 5 млн. сомдон ашык чыгым тарткан Турдугүл Жороева дагы эмне кыларын билбей турат. Мамлекеттен берген 200 миң сомду алары менен аласалары четинен келип алып кеткен. Ал патенти жок деген негиз менен жабыр тарткан ишкерлердин жарымы мамлекеттин 200 миң сом жардамын албай калганын айтып кейиди.

“5,5 млн. сом чыгым тартканбыз. Кечээ 200 миң сом берди. Бул акчаны бергенден бери аласасы бар адамдар кыстап жатат. 5-10 миң сомдон таратып бердик. 76 ишкерге жардам берилет деген. Бирок кыркка жакынына гана берди. Калганына «патентиң жок» деп акча берген жок. Патенти барбы-жокпу чыгым тартты да. Согушту биз баштаган жокпуз го?”.

Баткен облустук администрациясынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиеванын айтуусунда, келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия 122 ишкер жабыр тарткан деп эсептеп чыккан. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бекиткен жобого жабыр тарткан 53 гана ишкердин документтери туура келген.

“Лейлек жана Баткен районунда түзүлгөн атайын комиссия жалпы 122 ишкер жабыр тартканын аныктаган. Бирок, комиссия кайрадан жакшылап иликтеп чыккыла деп, 76 ишкерди иргеп алганбыз. Андан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ишкерлерге жардам берүү боюнча токтомундагы жобого 53 гана ишкер туура келди. Көпчүлүк ишкерлер талапка жооп бербей калды”.

Батма Имаралиеванын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы бекиткен жободо ишкер Салык кызматында каттоодо турабы, тийиштүү салыктын түрлөрүн төлөгөнбү, ишкерлиги үчүн мамлекеттик акт же патент алганбы, ижарачы же ижарага берүүчү менен келишим түзгөнбү деген талаптар коюлган.

Чек арадагы жаңжалда жабыр тарткан ишкерлер мамлекет чыгымынын ордун толук толтуруп берет деген үмүтүн эбак үзгөн. Дүкөн иштеткен Наргиза Орозалиева дагы, Турдугүл Жороева дагы «мамлекет жок дегенде пайызы төмөн насыя берсе» деп кыялданышат.

«Колдон келгенин жасадык»

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 200 миң сом жардам жана 200 миң сом ссуда менен мамлекеттин жабыр тарткан ишкерлерге жардамы бүткөнүн тастыктады. Ал эми ишкерлерге насыя алууда жардам көрсөтүлөт дейт.

“Бул жардам биринчи этап. Экинчи этапта ишкерлерге насыя бергенге аракет кылып жатабыз. Ал эми мурда алган насыялар боюнча банктар менен максималдуу иш жүргүздүк. Айрым банктар 100% жоюп берди, айрымы 50%. Кээ бири каникул берди. Колдон келгенин жасадык”.

Чек арадагы жаңжалда дүкөндөр, дарыканалар өрттөлүп, тонолгондон сырткары унаалар, мал-жандыктар дагы жоголгон.

Учурда Орусияда иштеп жүргөн Лейлек районунун Достук айылынын тургуну Сыймык Эмилбековдун жүк ташыган автоунаасын айдап кетишкен. Эмилбеков жүк ташуучу машинеси насыяга алынганын, бийлик өкүлдөрү Тажикстандан алып келүүгө аракет көрбөй жатканын айтты.

“Бастырып кигенде жалпы тогуз жүк ташуучу унааны айдап кетишкен. Милиция жакында чыгат деп айткан. Төрт айдан бери жок. Насыяга алган элек, насыяны ошол унаа менен иштеп жабат элек. Тажикстандын атайын кызматынын колунда деп уктук”.

Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов чек арадагы жаңжал учурунда жети жүк ташуучу чоң унаа, 36 жеңил унаа жана 509 мал-жандык Тажикстанга айдалып кеткенин, тажик тарап аларды өткөрүп бербей жатканын айтып жатат.

Атайын эсепке түшкөн акча

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин кыргызстандыктар Экономика жана финансы министрлиги ачкан атайын эсепке 122 млн. сом чогулткан.

Министрликтин маалыматына ылайык, атайын эсепке түшкөн 122 млн. сомдун 34 млн. сому Лейлек районундагы Максат айылына курулган үйлөргө жылуулук системасын орнотууга жумшалган.

5 млн. сом чек арадагы жаңжалда жабыр тарткан балдарды жана чоңдорду Ысык-Көлдө эс алдырып келүүгө бөлүнгөн. Калган акча колдонула элек. Атайын эсепке түшкөн каражаттан жабыр тарткан ишкерлерге жардам берилбейт.


Чек арадагы жаңжалда жабыр тарткан Лейлектеги Максат айылында 84 бүлө жаңы үйгө көчүп кирди. Максаттын тургундарына ачкычты 27-августта президент Садыр Жапаров өзү тапшырды. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу аяктай элек.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган.

Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Такталбаган чек ара маселесинен улам Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы айылдарда чыр-чатак соңку жылдары арбын катталууда. Ондогон кишинин өмүрү кыйылган коогадан бери мамлекеттик жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болгону менен маселе чечилген элек. Чек арада жашаган карапайым тургундар күн сайын түрдүү түкшүмөл менен таң атырып, күн батырышат. Кимисине микрофон сунбайлы, баарынын суранганы бир эле нерсе экенин байкадык — «бийлик чек араны тезирээк толук тактап берсе экен»…

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь