-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Социалдык жөлөкпулдун өлчөмү көбөйдү

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Президент Садыр Жапаровдун 2-сентябрда кол койгон жарлыгына ылайык, ай сайын социалдык жөлөкпул алган балдарга жана бала кезинен майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү акчанын өлчөмү көбөйтүлдү.

Жарлыкка ылайык 1-октябрдан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлдү. Натыйжада:

–ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдардын ар айлык жөлөкпулу 6 миң сомго,

— майыптыгы бар балдардын жөлөк пулу 6 миң сомго көтөрүлдү.

– атасынан же энесинен айрылган балдардын жөлөк пулу 1500 сомго, ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын жөлөкпулу 3000 сомго көбөйдү.

– бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулу 6000 сомго;

– бала кезинен II топтогу майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулу 4950 сомго;

– бала кезинен III топтогу майыптыгы бар адамдарга 4050 сомго;

– ата-энеси белгисиз балдардын жөлөкпулу 3000 сомго көбөйдү.

Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып, жөлөкпулдар 100% көбөйтүлөт. Ага ылайык:

– ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдардын жөлөк пулу 8 миң сомго;

– майыптыгы бар балдардын жөлөк пулу 8 миң сомго;

– атасынан же энесинен айрылган балдарга 2 миң сомго;

– бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулу 8000 сомго;

– бала кезинен II топтогу майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулу 6600 сомго;

– бала кезинен III топтогу майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулу 5400 сомго көбөйтүлөт.

Ошондой эле, 2022-жылдын 1-январынан тартып:

— ата-энесинен айрылган балдардын жөлөк пулу 6 миң сомго;

– атасы менен энеси белгисиз балдарга төлөнүүчү жөлөк пул 6000 сомго чейин көбөйтүлөт.

Президенттин жарлыгында жазылгандай, ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынат. 1-октябрдан тарта көбөйгөн жөлөк пулду төлөөгө 452,8 млн. сом талап кылынат.


Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулду төлөө үчүн мамлекеттик бюджетке кошумча муктаждык 3 млрд. 590 млн. 900 миң сомду түзөт.

Чыгашалар республикалык бюджеттен каржыланмакчы. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь