-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Садыр Жапаров: Күчтүү өлкө куруу кыялым ишке аша баштады, быйыл киреше чыгашадан көп болот

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстан күчтүү мамлекет болуу үчүн азыр экономикасын жана армиясын күчтөндүрүп жатат. Бул тууралуу 1-сентябрда “Кабар Медиа” YouTube каналына курган маегинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Өз сөзүндө Жапаров күчтүү мамлекет куруу кыялы ишке аша баштаганын, бийликке келген бир жылга жете элек убакта “кандай кемчиликтер бар экенин көрүп-билгенин”, коргонуу үчүн бүт жаңыланып жатканын, келерки жылга чейин “толук болбосо да, кол салып келген душмандын бутун сындырып, белин омуруп кое турган армия түзүүгө баратканын” айтты.

Ошону менен катар президент экономикада жакшы көрсөткүчтөр болорун белгиледи:

“Жаңы техника алып келип жатабыз. Акча бөлүп жатабыз. Былтыр мен келген убакта 20 миллиарддын тегерегинде дефицит болчу бюджетте. Жылдын аягында пенсия, жөлөкпул төлөй албай калабызбы деген коркунуч болгон. Аны да бердик. Кытайга карызыбыздын былтыркы жыл үчүн 35 миллион доллары бар эле, аны да жаап кутулдук. А быйыл жылдын аягында, Кудай буюрса, профицитке чыгабыз деп күтүлүүдө. Экономикабызды жана армиябызды күчтөндүрүп жатабыз”.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстандын экономикасы быйыл жарым жылдын жыйынтыгында 1,7% төмөндөдү. Мамлекеттик карыз (ички жана тышкы карыз) 416 миллиард сомдон ашып турат.

Профицит – өлкөнүн кирешеси чыгашасынан көп болгондогу көрсөткүч. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь