-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Жалал-Абад: «Барпы» театрынын айрым артисттери иш таштады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын ондой артисти иш таштады. Бул маалыматты «Азаттыкка» театрдын режиссёру Бакыт Жумалиев ырастады. Ал жетекчиликти чыгармачылык инсандар менен иштеше албайт деп күнөөлөп жатат.

«Жетекчибиз алты жыл иштеп, көңүлүнө жакпаган артисттерди куугунтуктап, жумуштан кетирип келет. Азыр тогуз артист, ичинде эмгек сиңиргендерибиз көп. Биздин чыгармачыл инсандарыбызды колдоонун ордуна кайра басмырлап жатат. Жетекчи жумуштан кетпесе, биз ишке чыкпайбыз,» — деди Жумалиев.

Театрды Санжар Берикбаев 2014-жылдан бери башкарып келет. Берикбаев иш таштап жаткандар жеке кызыкчылыктан улам бул ишти уюштуруп жатканын айтууда.

«Бизде чыгармачылык топто 40 кызматкер болсо алардын сегизи иш таштап жатыптыр, алардын төртөө студенттер. Иш таштагандардын башында тургандар жеке кызыкчылыкты жогору коюп, студенттерди баштап чыккан. Чыгармачылык топко жооптуу көркөм жетекчи мен эмес. Мен эч кимди куугунтуктаган жокмун», — деди Берикбаев.

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы театрда учурда 65 кызматкер эмгектенет. (TВ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь