-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Билим берүү кызматкерлеринин 62,9% эмделди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Мектептерде жана окуу жайларда салттуу окутууну улантуу максатында мугалимдердин жана тармактагы башка техникалык кызматкерлердин 62,97% эмдөөдөн өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бала бакчалардан тартып, орто мектептердин, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине чейин вакцина алды.

Мунун ичинде бала бакчалардын тарбиячылары 82,7%, орто мектептердин мугалимдери жана жумушчулары 69,25% түзөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мурдараак салттуу түрдө окутууну баштоо үчүн педагогдордун кеминде 70% эмдөөдөн өтүүгө тийиштигин билдирген.

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери, менчигине жана макамына карабай 15-сентябрдан кадимки режимде ишин баштайт.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарга, ал эми «жашыл» зонадагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген. Жогорку окуу жайлар да ушундай эле тартипте, жарым-жартылай онлайн окуган.(ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь