-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Баткенде «Түштүк-21» аталышындагы аскер машыгуусу өтүүдө

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

2-4-сентябрь күндөрү Баткен жана Ош облустарында өтө турган машыгууга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскерлери, 1,5 миңдей киши катышат.

Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу 2-сентябрда Баткенде башталат.

Коргоо министрлигинин маалымдашынча, машыгуунун максаты — аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү.

7-9-сентябрда Кыргызстанда Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу өтөт. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өтөт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь