-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

COVID-19: Кыргызстанда калкты эмдөө боюнча акция жарыяланды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстанда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө боюнча он күндүк акция жарыяланды.

Бул тууралуу 1-сентябрдагы маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди. Анын айтымында, акция өлкөнү «кызыл аймактан» чыгарып, инфекциянын коркунучу минималдуу болгондой «жашыл зонага» өткөрүү максатында жасалып жатат. Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70% эмделиши керек. Акция 10-сентябрга чейин жүрөт. Анын алкагында ар бир эмделген жаран «Кыргызстан — жашыл аймак» интерактивдүү картасына өзүн белгилеп, атайын стикер алат.

1-сентябрга карата республика боюнча 1 млн.132 миңге жакын адам коронавируска каршы вакцина алды. Мунун жарымына жакыны эмдөөнүн толук курсунан өттү.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.(КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь