-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Тажикстанга качып барган ооган учкучтары Канададан башпаанек сурашты

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Тажикстанга качып барган Ооганстан Аскер аба күчтөрүнүн учак командири жана 12 учкуч Канададан башпаанек сурады.

avweb.com маалымат порталы кабарлагандай, аскер учкучтары «Талибан» кыймылы Кабулду басып алганга чейин курал-жарак, ракеталар менен Cessna 208 учагына отуруп, коңшулаш Тажикстанга учуп келишкен.

Аскер кызматкерлери Канада элчилигине кайрылып, өздөрү жана үй-бүлөсү үчүн башкалка сурашты. Аскер учкучтарынын бири америкалык CBC News телеканалына маек куруп жатып, талибдердин өч алуусунан коркуп жатканын билдирди.

Тажикстанга качып барган учкучтардын көбү АКШда окуп келген.


Бүгүнкү күндө ооганстандык миңдей качкын Тажикстандын Куляб шаарындагы эл аралык аэропортко жакын жерде тигилген чатырларда турат жана үчүнчү өлкөгө кетүүнү күтүшүүдө.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь