-5.9 C
Бишкек
Суббота, 22 января, 2022

“Реформалар жана жыйынтык үчүн”: Милициянын психологиялык абалына көңүл буруу зарыл

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Отузга жакын уюмдан турган “Реформалар жана жыйынтык үчүн” деп аталган жарандык бирикме милиция кызматкерлеринин психологиялык абалына көңүл бурууга чакырды.

Айдоочунун өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу 1-сентябрда жарыялаган билдирүүсүндө уюм Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана өлкө жетекчилигинин назарын укук тартибин коргоо органдарындагы системалык проблемаларга жана патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоор аягына чыкпай жатканына бурду.

Маселени чечүү жолдорунун бири катары милициянын жеке курамы менен психологиялык иш жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди. Кызматкерлерди тандоочу аскердик-медициналык комиссия алардын психологиялык абалына көңүл бурушу керектиги, милиционерлерге кесиптик жардам берүүчү, алардын абалын талдап туруучу психологиялык кызмат түзүү зарылдыгы айтылды.

Бирикменин пикиринде, милиционерлерди адамдар менен түрдүү кырдаалда сүйлөшүү жөндөмүнө, талаш маселе жаралса күч колдонбой чечүү жолдоруна дайыма үйрөтүп туруу керек.

27-августта Бишкекте патрулдук милициянын огунан бир адам каза болгон. Алгач ал милиционерге коркунуч жаратканы үчүн ошондой жагдай түзүлгөнү кабарланып, кийин кайра төгүндөлгөн.

Ок чыгарган кызматкер жана анын жанындагы эки кесиптеши камакка алынып, үч кылмыш иши козголду. Иштерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь