-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Көкбөрү: жогорку лигада «Ынтымак» жеңүүчү болду (видео)

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Талас облусунун «Ынтымак» командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада жеңүүчү болду.

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште «Ынтымак» командасы Чүй облусунун «Сары-Өзөн» командасын 7:0 эсебинде жеңип алды.

Президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл үч лигада: биринчи лигада, жогорку лигада жана эл аралык лигада өттү.

Биринчи лигада 17 команда, эл аралык жана жогорку лигада алтыдан команда ат салышты. Эл аралык лигада Өзбекстандын командасынан сырткары Орусиядан «Воронеж-Чолпонбай» жана Москва шаарынын, Кыргызстандын биринчи лигасында ойногон «Жети-Өгүз», «Бакубат-Талас», «Сокулук» командалары катышты.

Бүгүн биринчи лиганын финалдык беттешинде Бишкектин “Көк-Жал” командасы Ысык-Көлдүн “Мурас” командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Эл аралык лигада Өзбекстандын курама командасын «Жети-Өгүз» командасы 3:1 эсеби менен утту.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь