-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Кыргызстан Эгемендиктин 30 жылдыгын белгилөөдө

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img


31-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Корутунду

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өтөт. Жалпысынан республика боюнча 40тан ашуун майрамдык иш-чара пландаштырылган. Президенттик аппарат борбор калаадагы салтанат эртең мененки саат 9:55те Ала-Тоо аянтында башталарын кабарлады.

Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен бир нече өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттукташты. 30-августта Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель телефон чалып, президентти жана жалпы Кыргызстандын элин өлкө эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттукташты. Өлкөгө өсүп-өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубат жашоо каалашты.

Президент Жапаровдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен 30-августта бир катар өлкөлөрдүн Бишкектеги элчилери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери да куттукташкан.

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата «Азаттык» «Эгемендиктин балдары» аттуу атайын теле долбоор тартууда. Анда алалыгы Эгемендик жылдарына туура келген жана ошол жылдары төрөлгөн мигрант балдары тууралуу сөз болот.

28-августта Прага шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү. “Ала-Тоо” уюму уюштурган бул майрамга Чехиядан тышкары Германия, Венгрия, Австрия сыяктуу Европанын башка өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар да катышты. Иш-чаранын алкагында “Ала-Тоо” кубогу үчүн футбол мелдеши өткөрүлүп, аны Прагадагы кыргызстандыктардын командасы жеңип алды.

Эгемендиктин 30 жылында Кыргызстанда демократияга багытталган институттар түзүлдү. Бирок коррупциялык схема тамырлап кетти. Тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов 30 жылдык эгемендик учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу «Азаттыкка» ой бөлүштү.

Дагы жүктөңүз

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь