0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Кызды тепкичтен тоголото чапкан адамга издөө салынды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү караоке клубдан чыгып келе жаткан кызды бетке урган адамга «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта тепкичтен чыгып келе жаткан кызды жанындагы адам чыканагы менен бетке тоголото койгон видео тараган.

Милициянын маалыматына ылайык окуя 29-августтун түнүндө Бишкектеги караоке клубдардын биринде болгон.

Караоке клубдун администраторунун милицияны чакыруу сунушунан запкы көргөн кыз баш тартып, чапкан адам күйөөсү экенин билдирген.

Учурда комплекстүү тергөө иштери жүрүп жатат, шектүүнү кармоо үчүн издөө жарыяланды. (МТа)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь