-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада беш күн, беш түн «Манас» айтат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн “Манас” айтат. Бул тууралуу “Азаттыкка” манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтөт.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал буга чейин 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай «Манас» айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган.

Ал Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган. (MZh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь