-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Көкбөрү: “Ала-Тоо” командасы жогорку лигада 3-орунду ээледи (видео)

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ош шаарынын “Ала-Тоо” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада 3-орунду ээледи. Аталган команда коло байге үчүн беттеште Ош облусунун «Достук» командасы менен ойноп, 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин биринчи лигада 3-орун үчүн беттеште Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары ойноп, “Соң-Көлдүн” оюнчулары 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Эртең, 31-августта биринчи лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командасы (башталышы: саат 10:00), эл аралык лигада Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” (Ысык-Көл) командасы (башталышы: саат 13:30), жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы (башталышы: саат 15:00) финалда ойнойт.

Финалдык оюндар “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчалары жана «КТРК-Спорт» телеканалынан түз чагылдырылат.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн Көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган. Биринчи лигада 17 команда, жогорку жана эл аралык лигада алтыдан команда баш байге үчүн ат салышты. (ECh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь