0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Кыргызстан Эгемендик майрамын белгилеп жатат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Майрам алдында абактагылардын кайрылуусу

Кыргызстандагы эгемендик майрамына карата абакта жаткан бир катар саясатчылар кайрылуу жолдошту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Садыр Жапаровго кайрылып, эгемендик алган 30 жылдан бери Кыргызстан көп сыноодон өтүп, бийлик үч жолу элдик толкундоолордун жыйынтыгында алмашканын эскерткен.

Бийликте турганда көп ката кетиргенин, бирок мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергенин белгилеген.

«Кумтөрдүн миңдеген тонна алтыны чоочун колдорго тийгенине ким күнөөлүү? Тергөө абагында отургандарбы же президент ардак менен резиденцияда тосуп алган адамбы?», — деп айтылат кайрылууда.

Ал эми камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков өз кайрылуусунда советтик курамдан чыккан Балтика өлкөлөрү, Украина, Грузия авторитардык идеология менен кош айтышып, экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүлөрдү камсыз кыла алышканын белгилеген.

«Ал эми биз жакырчылык, адилетсиздик, жумушсуздук жана терең социалдык кризистен чыга албай, авторитардык бир адамдын башкаруусун 30 жыл бою колдоп келе жатабыз. Жыйынтыгында дүйнөдөгү эң жакыр жана алсыз өлкөлөрдүн катарында калуудабыз», — деди ал.

Жээнбеков андан сырткары, бул көйгөйдөн демократия жана эркиндик менен гана чыкса болорун белгилеген.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандын эртеңки күнү үчүн баардыгы жоопкер экенине токтолгон.

«Өлкөбүздөгү тынчтык жана биримдик ар бир үй-бүлөдөн, ар бир жамааттан башталат. Болочок муундарга гүлдөгөн Кыргызстанды өткөрүп берүү – биздин негизги максатыбыз жана ыйык милдетибиз. Мекенимдин, элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн акырына чейин күрөшөм», — деп жазган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь