-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Франция эвакуацияланган оогандыктарга медициналык камсыздандырууну кезексиз берет

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Франциянын бийлиги Ооганстанда француз мекемелери менен кызматташып жүрүп, эвакуацияланып келген ооган жарандарына медициналык камсыздандырууну кезексиз берүүнү чечти. Бул тууралуу «Журналь дю диманш» басылмасы жекшембиде кабарлады.

Маалыматка караганда, Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Верандын чечими Улуттук медициналык камсыздандыруу фондунун башчысына жиберилген. Маалыматта ошондой эле Франциядан башпаанек сураган адамдарга бул документ үч айдан кийин берилип келгени тууралуу да айтылат.

Француз бийлиги Ооганстандан жарандарын жана жергиликтүү качкындарды алып кетүү 27-августта аяктаганын билдирген. Президент Эммануэл Макрон августтун ортосунан бери Ооганстандан 2834 алам чыгарылганын айтты. Булардын 142си франциялык, 117 адам Европанын башка өлкөлөрүнүн жарандары, калганы ооганстандыктар.

Августтун орто ченинде “Талибан” (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган) кыймылы Ооганстанда бийликти басып алган. Ошондон тарта Кабул аэропорту аркылуу АКШ жана анын союздаштары 100 миңдей кишини алып чыгып кетти. Анын ичинде талибдер тарабынан өмүрү коркунучка кептелген миңдеген оогандар да бар.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь