-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 50 миңден ашты

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Орусияда быйыл июль айында коронавирус жуктуруп алып, көз жумгандардын саны 50 миңден ашты.

Өлкөнүн статистикалык комитети билдиргендей, бул январь айынан бери алганда эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Жыл башында COVID-19дан 37 миңден ашуун киши дүйнө салган.

Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова мунун себебин коронавирустун жаңы «дельта» штаммынын жайылып жатканы менен түшүндүрдү.

Июнь айынан бери Орусиянын көпчүлүк аймагында жарандардын белгилүү бир тобуна милдеттүү эмдөөдөн өтүү киргизилген. Элди эмдөө былтыр декабрь айында башталганы менен өтө жай жүрүүдө. Соңку маалыматка караганда, өлкөдө калктын төрттөн бир бөлүгү гана вакцина алган. Жарандардын 30% вакцинаны 1-дозасын сайдырды.

Пандемия башталганы Орусияда расмий маалыматка ылайык, алты жарым миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыккан. 180 миңден ашуун бейтап көз жумган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь