-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Көкбөрү: финалга чыга турган командалар аныкталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдештин финалисттери аныкталды.

Көкбөрү федерациясынын маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 28-августта биринчи, жогорку жана эл аралык лигада жарым финалдык оюндар болуп өттү. Анын жыйынтыгында биринчи лигада Оштун “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командалары, жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы, эл аралык лигада Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” (Ысык-Көл) командасы финалда ойнойт.

Баш байге үчүн оюндар 31-август күнү өтөт. Беттештин убактысы азырынча аныктала элек.

Финалдык оюндар “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчалары жана «КТРК-Спорт» телеканалынан түз чагылдырылат.

30-августта 3-4-орун үчүн беттештер болот. Саат 10:00дө биринчи лигада ойногон Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары, саат 11:30да жогорку лигада Ош облусунун “Достук” командасы менен Ош шаарынын “Ала-Тоо” командалары ойнойт.

Президенттин кубогу үчүн Көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган. Биринчи лигада 17 команда, жогорку жана эл аралык лигада алтыдан команда баш байге үчүн ат салышты.

Жарым финалдык беттештердин жыйынтыгы:

Биринчи лига:


“Соң-Көл” (Нарын облусу) — “Мурас” (Ош шаары) 2:8


“Ат-Башы” (Нарын облусу)-“Көк-Жал” (Бишкек) 3:7

Эл аралык лига:


“Жети-Өгүз” (Ысык-Көл облусу) – “Бакубат-Талас” (Талас облусу) 6:1

Жогорку лига:


“Достук” (Ош облусу) – “Сары-Өзөн” (Чүй облусу) 1:4 (ECh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь