-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Казакстан Жамбылдагы жарылуудан курман болгондорго аза күтүп жатат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Жамбыл облусунун Байзак районундагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан 13 адам көз жумуп, жүзгө чукулу ар кандай жаракат алган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен 29-август жалпы өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган. Бүгүн Нур-Султан баштаган бардык шаарларда мамлекеттик желектер түшүрүлүп, оюн-зооктор токтотулду.

Казакстан эгемендик алгандан бери онунчу ирет аза күтүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Бишкектеги элчилигинде казак боордоштордун кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты.

«Бул каргашада курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалайбыз», — деп тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Жамбылдагы каргашалуу окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров да Казакстанга көңүл айткан. 26-августта болгон жарылуунун себеби азырынча белгисиз.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь