-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Кабул аэропортуна чукул жердеги үйгө ракета тийди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

29-августта Кабулдун эл аралык аэропортуна чукул жердеги калк жашаган райондогу үйгө ракета тийди. Ага чейин эле АКШнын расмий адамдары теракт коркунучу бардыгын эскерткен.

Associated Press агенттиги соккудан бир бала көз жумганын кабарлады. Кабул полициясынын башчысы Рашид түштөн кийин шаардын Хувжа Бугра районуна да ракета тийгенин билдирди. Азырынча чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги «Би-Би-Си» маалымат кызматына үйгө ракета тийгенин ырастады. Социалдык медиада тараган видеодо имараттан кара түтүн көтөрүлүп жатканын, бир нече киши үйдүн чатырында жалынга суу чачып жатканын көрүүгө болот.

Ушул тапта америкалык аскер күчтөрүнүн акыркысы Кабулдан чыгып кетип жатат. Миңдей киши аэропортто эвакуацияны күтүп жатканын «Рейтерс» агенттигине чет элдик коопсуздук кызматынын өкүлү билдирген.

28-августта АКШ президенти Жо Байден Ооганстандын айрым жерлеринде “кырдаал өтө опурталдуу” болуп турганын, Кабул аэропортуна террордук чабуул жасоо “ыктымалдыгы жогору” экенин айткан.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь