Ɵлкɵнүн бакандай айыл-чарба министрлигин тескеп олтурат. Болгондо да тармактары абдан кеңейген министрлик. Элдин эртеӊки келечеги үчүн билек түрɵ иштеш керек эле. Бирок, көчүгүн көтөрүп көчөгө чыгып элге жолугууга барса эле креслосун бирөө ээлеп алчудай болуп Айыл, суу-чарба жана аймактарды ɵнүктүрүү министри Аскар Жаныбеков кабинетинен чыкпас болду. Жетектеп олтурган министрлигинин аталышы эле бир тайлык. Жаныбеков иш бɵлмɵдɵн чыкпай эле олутрса берсе айыл-чарба гүлдɵп, аймактар ɵнүгɵ береби? Жок дегенде аймактарды кыдырып, дыйкандардын абалын сурап, жакшы сɵз менен болсо да кɵңүлдɵрүн кɵтɵрүп иштесе болот да. Анан жерди айдаган дыйкандар, аны сугарып жыйнаган дыйкандар, аны оруп-жыйган да дыйкандар анан келип жыйынтыгында баланча миң гектар жерге арпа айдадык, түкүнчɵ миң гектар жерден мынча түшүм алдык деп отчет берген айыл-чарба министрлиги. Жок дегенде дыйкандардын күйүүчү майын чечип бергенге жарабай анан алардын эмгегин министрликтин эмгегиндей кылып айткандан уялышпайт экен да…

Булак:Де-Факто