Тɵлɵгɵнова Аида Бейшеналиевна деген «айым-пааша» жетектеп олтурган Кыргыз ɵкмɵтүнɵ караштуу, «аты улук, супарасы курук» Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Аты айтып тургандай деле аталган компаниянын негизги максаты үйү жок жүргɵн жарандарыбызды ипотека берүү жолу менен турак-жайлуу кылуу. Түшүнүктүү тил менен айтканда ай сайын бɵлүп-бɵлүп тɵлɵɵ менен жарандарга үй алып беребиз деп шымалангандар ушулар. Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканын эч ким белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдɵ. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн МИКке барган жарандарыбыздан дароо эле, «үй-бүлɵдɵ канча адам иштейсиңер, канча айлык аласыңар» деп сурайт экен, алар маянасын айтаары менен «силердин айлыгыңар ипотека менен үй алганга жетпейт экен» деген орой жообун берип, жолго салат экен. Кызык, азыр мамлекеттин ахвалы барына дайын, бюджеттин кɵзүн карагандарда чоң маяна жок. Андыктан, башка жолдорун таап, жок дегенде жылуу-жумшак жооп бергенге кɵнбɵйбү? Бул жерде иштеген жетекчи, орун басарлары олчойгон айлык алаары айтылган. Тагыраагы, бир учурда жетекчи болгон Бактыбек Шамкеев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутаттардын суроолорун жооп берип жатып, айлыгы тууралуу сураган суроого: «Мен 107 миң сом айлык алам», – деп ɵз оозу менен айткан жайы бар. Азыр кɵбɵйсɵ кɵбɵйгɵндүр, бирок, азайган жок да. Элге шарт түзбɵй, мамлекеттин эсебинен олчойгон айлыкты кемирип отурган мындай компаниянын кимге кереги бар? Бул боюнча кийинки сандарда кеңири сɵз кылабыз!

Булак:Де-Факто