Экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин жер жайнаган үй мүлкүн УКМК жарыялап, мыйзамсыз байыганын шардана кылган. Бир канча кылмыш иштери козголгон эле. Кызыгы, ал бир топ айдан бери түрмөдө отуруп, топтоп алган байлыгын “куспай” жатып, араң дегенде 50 миллион сомду мамлекетке төгүп берди. Натыйжада, эркиндикке чыкты. Башка экс-чиновниктер шар эле миллиондорун казынага төгүп аткан чакта, бул эмнеге мынча аксынды ыя? Ушунча да зыкымбы? УКМК ачыкка чыгарган үйлөрүн, бизнес имараттарын жакын адамдарына жаздырып койсо эле кутулуп кетүүнү ойлогонбу? Жогорку кызматтарда иштеп жүрүп, жыйган-тергенин тиги дүйнөгө ала кетпеси айдан ачык го? Суроолор арбын. Бул темага дагы кайрылабыз. 

“Азия Ньюс” гезити