0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Чек ара: Максаттагы элдин кубанычы жана арманы

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Лейлектеги Максат айылында 84 үй-бүлө жаңы тамга көчүп киришти. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу аяктай элек. Жазындагы кандуу жаңжалды көргөн тургундар бийликтен чек ара маселесин кечиктирбей чечип, коопсуздукту камсыздап берүүнү суранууда.

Кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда үй-жайы күйүп кеткен Максаттын тургундарына ачкычты 27-августта президент Садыр Жапаров өзү тапшырды.

«Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен турак жайлар курулду. Бир топ социалдык көйгөйлөр четинен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү шарттар менен камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Максаттын тургундарына жаңы үйдүн ачкычын 27-августта тапшырды.

Президент Максаттын тургундарына жаңы үйдүн ачкычын 27-августта тапшырды.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткендеги кандуу кагылышта талкаланып, күйүп кеткен үйлөр түрк өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилген. Жапаров эл менен жолугушууда Түркия мамлекетине ыраазычылык билдирген.

Президенттин маалымат кызматынын маалыматында, мамлекет башчысы Максат айылындагы милиция бекетин, фельдшердик-акушердик пунктту, футбол талаасын, ошондой эле жаңы оңдолгон мектепти көрүп чыккан.

Мындан сырткары, айылды таза суу менен камсыздалганы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши жана курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилген.

Максат айылынын мурдагы башчысы Сапарали Адинаев “Азаттыкка” жолугушуу тууралуу мындай деди.

«Максатта өзгөрүү болду. Кичи шаарга айлангандай болуп калды. Президент үй-жайы өрттөнгөндөрдүн ар бири 100 миң сомдон алат деп айтты. Бизге акчаны дароо эле беришти. Үйүңөргө керектүү оокат-кече, эмерек аласыңар дешти. Биз баягы эле чек араны тактоо ишин тездетүүнү сурандык. Чек ара такталса эле болду. Бирок Садыр Жапаров жолугушууда чек ара тууралуу көп сүйлөгөн жок».

Максаттагы жаңы курулган үйдүн жууна турган бөлмөсү.

Максаттагы жаңы курулган үйдүн жууна турган бөлмөсү.

Кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдардын айрым тургундары жаңжалдан кийин жер которуп кетүү ниетин билдирген. Ошол эле маалда бардык кыйынчылыкка кайыл болуп, туулган жеринен эч жакка кетпей турганын айткандар да бар. Алардын бири — Рахманберди Рахманбердиев.

«Максатта элдин пикири бир кылка эмес. Мисалы, мен ушул жерде туулуп- өскөм. Менин жерим, келечегимди ушул жерден көрөм. Кээ бирөөлөр чоочуп калган экен. Көчүп кетүү тууралуу ойлонгондор да бар. Президент баары жакшы жагына чечилерине убада берди».

Чек ара жаңжалында Кыргызстан тараптан 100дөн ашуун турак жай толугу менен талкаланган. Анын 40тайы Баткен районунда. Президент Садыр Жапаров бул үйлөрдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтө турганын убада кылды.

Жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатканын айткан. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун коргой турганын белгилеген.

«Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ынтымакта, биримдикте кошуналык мамилени бузбай жашашыбыз керек».

Максаттын тургундары.

Максаттын тургундары.

Максат айылына барган журналист Тургунбай Алдакулов жолугушууда эл бийликке арыз-арманын айта албай калганын байкаган.

«Эгемендүүлүк майрамынын алдында элге дем берүүгө аракет кылды. Жакшы сөздөрдү сүйлөдү. Армия бар, коопсуздук сакталат, коопсуздукту камсыздап беребиз, коркпой жашай бергиле дегендей. Бирок, эл менен баарлашуу үчүн аянтча түзүлбөдү. Көп сөздөр айтылбай, эл ичиндеги бугун айта албай калганы сезилип турду».

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Турак жайлар, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь