Акыркы күндөрү Динара Кутманова “Кумтөр” кени боюнча маселе көтөрүп, өзүн ак карга сыпаттап ар-кимди күнөөлөп атканын кандай түшүнөбүз? «Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп» дегендейби бу айым? Айрым маалыматтарга таянсак, Динара Кутманова кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатканы айтылууда. Алсак, “Кумтөргө” өзүнүн мурдагы күйөөсүн жооптуу кызматка койгону жалганбы? Ал аз келгенсип ал жактан жашылбайларды сол чөнтөккө солоп, шаардан бир топ батирлерди алганы ачыкталабы? Жакында эле жол тандабас унаа алганы коомчулукка ачыкталып, чоң чыр жаратканы маалым. Мунун баарын эл билбейби? Мындай учурда «өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн» дечү беле? Тиешелүү органдар Динара Кутманованын сары изине сереп салышса, чоң жыландын башы кылтыйып чыга келет беле?..

Теңирден тескери иштери менен белгилүү Динара Кутманова акыры “Кумтөр” маселесинде бийликти адаштырып, аңга түртүп салбаса эле болду. Президент мындай “этеги жаман жерден айрылган” айымдан арылбаса, абал чатак. Кутманованын бул ыплас жүрүшү Кумтөрдөгү мандемди өзүнөн четтетүү амалын кылып атабы, түшүнүксүз?

ЧЫНДЫК