Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ишинде кетирген катачылыктары үчүн кызматынан кулап түшкөнү калды. Бул боюнча Ак үйдөгү ишенимдүү булактар кабарлашты.

Президенттин ишенимин актабаганы, элдин жүгүн тарта албаганы, кооз сүйлөгөнү менен колунан эч нерсе келбегени байкалууда. Ансыз да өлкөдө экономикалык-социалдык кризис курчуп турганда, кашан кадрдын кимге кереги бар?

Аз күндө Улукбек Мариповдун иштей албай койгонун, саясий ката кетиргенин ачыктайбыз. Кыскасы, жогорку кызматтан тебилгени калды окшойт. Жерге жумшак түшөбү, же ташка урунабы?..

Булак: Азия News гезити