Бакиевдин кандуу режиминде Ысык-Көлдүн губернатору Кыдык Исаевдин жардамчысы болгон Мирбек Кожоев кошомат кылуунун чебери катары бааланганын билесиңерби? Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун бийликтери учурунда кызмат кылып, көздүн кареги менен тең айланып, орто деңгээлдеги карьералык жүрүштөрдү жасап келсе, Садыр Жапаровдун убагында Ысык-Көлдүн губернаторлугуна минди. Көп чиновниктердей эле өзүн көрсөтө албай, эптеп күн өткөргөнү байкалууда. Мындай илең-салаң кадр менен өнүгүүгө баруу мүмкүн эмес го? Бирок, коюн-колтукка кирип кетүү жагынан кыйын тура, кантебиз?..

“Азия Ньюс” гезити