Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов УКМК тарабынан камакка алынып, миллиондорду тɵлɵп берип эркиндикке чыкты. Чыгып эле чет ɵлкɵгɵ «зуу» койгону айтылууда. Бул дагы дарыланганга шашып кеткенин, же дагы бир баляны чукуп чыгып кайра камап салбасын деп качып кеткенин биле албадык. Бир билгенибиз, мыйзамсыз баю беренеси жана мыйзамсыз жер саткан деген айып коюлуп камакка алынган. Негизи эле ушул Бишкек шаарынын мэрлигине келгендер таза кетпейт. Иш козголот, камалат. Бишкектин мэри эмес, мэрдин орун басары болгондор дажɵн иштебейт, эй! Маселен, Азис Суракматовдун ɵтɵ ишенимдүү адамы болуп, мэрдин курулуш иштери боюнча орун басары болгон Улан Азыгалиев дегенди уккансыңар да. Иш козголуп камалган. Азыр эркиндикте  30 миллион сом тɵлɵп чыккан. Кезинде «ляппай» деп Суракматовдун “жетим жүгүрүгү” болуп, анын айткан тапшырмаларын так аткарып, ишенимдүү кадры болуп жүргɵн Улан Шайлообекович ушинтип акча тɵлɵп коюп эле жазасыз кутулуп кеттиби? Жер боюнча камалган Суракматовдун болгон былгын жакшы билген Азыгалиев балким, мамлекетке миллиондорду тɵгүп берип чыктыбы? Же эмне жеген акчаларын айып тɵлɵп адалдап алдыбы? Айтмакчы, бир күн да бизнес кылбай мамлекеттик кызматта иштеп келе жаткан Азыгалиев 30 миллион сомду каяктан тапты? Айтор, соболдор арбын жооп таппай турубуз.

Булак:Де-Факто