-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Учакта төрөлгөн оогандык ымыркайга лайнердин аты берилди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

АКШнын аскердик учагынын бортунда төрөлгөн ооган ымыркайына лайнердин аты ыйгарылды. Бул тууралуу америкалык генерал Тод Уолтерс 25-августта өткөн брифингде билдирди.

Ооганстандан чыгып, Катар аркылуу Германиянын аба базасына бараткан учактагы аялдын толгоосу башталып, экипаждын жардамы менен көз жарган.

Уолтерстин айтымында, АКШ аба күчтөрүндөгү ар бир учактын диспетчерлер колдонгон аталышы болот. Ооган үй-бүлөсүн коопсуз аймакка жеткирген учактын аталышы «Рич-828» эле. Ошол себептен наристе кызга Рич деген ысым ыйгарылды. Ымыркай ата-энеси менен Кошмо Штаттарга жеткирилет.

Талибдер Кабулду ээлеп алган 15-августтан бери АКШ жана анын өнөктөштөрү 88 миңдей адамды чыгарып кетишти. Соңку бир суткада эле 19 миң киши эвакуацияланды. АКШ учактары ар бир 39 мүнөттө абага көтөрүлүп жатканын аскерлер билдиришти.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь