-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Токмок: Мэр шайлоо дээрлик үч саат кеч башталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Токмокто бүгүн 26-августка белгиленген мэр шайлоо дээрлик үч саат кечигип башталды. «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у саат 12ге жакын гана чогулуп, добуш берүүнү башташты.

Күн тартибине ылайык, жыйын саат 9да башталып, 12де жыйынтыкталмак.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында да мэр шайлоо болду. Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь