-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Жамбылдагы аскердик кампада катуу жарылуу болду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн аймагында катуу жардыруу болуп, өрт чыкты. Коргоо министрлиги кабарлагандай, 26-август кечки саат жетилерде кампалардын биринде жардыруу болгон.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жардыруунун себептери иликтенип жатат. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар түшө элек.

2019-жылы 24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча, ал кезде шаардан 41 миң киши көчүрүлгөн. Анда үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган.

Окуяга байланыштуу 12 аскер ар кандай мөөнөттөргө эркинен ажыратылган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь