-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Айбек Жунушалиев Бишкектин мэри болуп шайланды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда башчы болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты.

45 жаштагы Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган. Ага чейин ал өкмөт башчынын орун басары, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы, Чүй облустук администрациясында түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген.

11-июлда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгында Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи «Ишенимге», жетөө «Ынтымакка», бешөө «Өнүгүү-Прогресске» жана дагы бешөө «Социал-демократтарга» тийген.

«Ата-Журт Кыргызстан», «Эмгек», «Ишеним» жана «Өнүгүү-Прогресс» көпчүлүк коалициясына биригишкен. (RK/MTa/GT)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь