-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

15-сентябрдан баштап мектептер кадимки режимде иштейт

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери 15-сентябрдан баштап кадимки режимде иштеп баштайт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 25-августтагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 2021-2022-жаңы окуу жылында мектептер бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен иштерин билдирди. Анын айтымында, окуу башталганга чейин билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 70% эмдөө пландалып жатат. Учурда мугалимдердин 55,8% COVID-19га каршы эмделди.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарга, ал эми жашыл аймактагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген.

Эксперттер онлайн окуу балдардын билим алуусунун сапатына терс таасирин тийгизгенин белгилешүүдө. Өлкө боюнча 2310 мектеп бар. (TSh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь