-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

«Чоң жетинин» лидерлери Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүүгө үндөдү

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн жети өлкөнүн башын кошкон «Чоң жети» тобу талибдер келгенден кийин өлкөдөгү соңку кырдаалга олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

24 августта болуп өткөн чукул онлайн-жолугушуунун жыйынтыгында АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Жапониянын, Италиянын, Франциянын жана Канаданын лидерлери биршелешкен билдирүү кабыл алышты.

«Ооган эли соңку 20 жылдагы саясий-экономикалык жетишкендиктерди эске алуу менен тынчтыкта жана коопсуз шартта жашоого татыктуу», — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан сырткары террорчулуктун алдын алуу, адам укугун, айрыкча аялдардын, кыздардын, диний жана этникалык азчылыктардын укуктарын сактоо белгиленген. Ошондой эле, Ооганстанда жаңы өкмөт түзүүдө бардык күчтөрдүн кызыкчылыгын камтыган саясий жөнгө салуу жараянын ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик эми «Талибанда» экени айтылат.

«Чоң жетинин» лидерлери биринчи кезекте өткөн 20 жылда алар менен тыгыз кызматташкан оогандыктарды коопсуз эвакуациялоону камсыздоо, андан ары Ооганстандан толугу менен тынч чыгып кетүү тапшырмасы турганын белгилешти.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь