Өлкөгө салым кошуу үчүн сөзсүз депутат же министр болуш керек эмес. Жеке иштери менен алек болуу менен бирге ɵзүнүн мекенчилдик, улутту сүйгɵн эр азамат экендигин далилдеп келе жаткан Темирлан Сарлыкбек уулу деген инсан бар. Улуттун сыймыгы болгон «Манас» эпосунун ɵзɵктүү жерлерин аңглис, түрк жана орус тилдеринде которуп китеп кылып «Манас» дүйнɵсүн чет ɵлкɵдɵ таанытууга чоң салым кошкон жигит. Ɵлкɵнүн аймактарына кыргыздын туусун орнотуп жүргɵнүн да билебиз. Аны менен токтоп калбай 2017-жылы «Манас» атанын айкелин Түркиянын Стамбул шаарына тургузууну демилгелеп, ишке ашырган ушул жигит. Мына жакында Стамбулга коюлган «Манас» атабыздын эстелигинин бир кɵчүрмɵсү Анкарага коюлуп, ачылышы ɵткɵн турат. Бул демилге Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан колдоого алынып, бир топ париот жаштар кол кабыш кылыптыр. Азаматтар! Буга Сарлыкбек уулу да сыртта карап турбай кол кабыш кылып чуркап жүрɵт. Темирлан мырза башатын баштап берген саамалык кербен болуп уланып чет жерде «Манас» атабыздын айкелинин кɵбɵйɵ беришине тилектешпиз…

Булак:Де-Факто