-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Жасалма ПЦР тесттер. Министрлер кабинети мыйзам бузууларды иликтөөнү тапшырды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн, 25 -августта, көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында көрсөтүлгөн ПЦР тесттеринен өтүү боюнча жасалма тастыктама берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуу фактыларын изилдөө, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке менчик лабораториялардын ишин кароо тапшырылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

Кыргызстанда жасалма ПЦР-тесттерди саткан шылуундар көбөйдү

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь