-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Данияр Нарымбаев ооруканадан тергөө абагына которулду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бишкектеги «Бикард» жеке клиникасында дарыланып жаткан президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев абалы турукташканына байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагынан кайрадан которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова 25-августта “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Негизи Нарымбаев коронавирус болуп, саламаттыгы начарлап, өпкөсү 50 пайыздан ашык эки тараптуу кагынгандыктан дарыланып жаткан эле. Абалы жакшырды дешти, бирок, жүрөгүнө операция жасалбай калды. Дарыгерлер анын жүрөгүнө операция жасоо зарыл экенин айтышкан болчу”, — деди Токтакунова.

УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Кумтөргө байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлерге айып коюлуп, айрымдары камалды. Аларга Жазык кодексинин “коррупция” беренеси менен айып коюлган. (JsA)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь