0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

“Бир дүйнө Кыргызстан” тобокелдиктер шартындагы адам укуктары боюнча талкуу уюштурду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы бул күндөрү Ысык-Көлдө «Тобокелдиктер жана коркунучтар мезгилиндеги адам укуктары» деген аталышта инновациялык семинар өткөрүп жатат. Уюмдун өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиргендей, апталык иш-чара 27-августта жыйынтыкталат.

Семинарга табигый кырсык коркунучу бар Майлуу-Суу, Миң-Куш, Барскоон аймактарынын жергиликтүү лидерлери, коңшу өлкөлөр менен чектеш айылдарда жашаган активисттер, «Адам укуктары искусство жана маданият аркылуу» форматында иштеген документалисттер жана эксперттер, адвокаттар, журналисттер катышууда.

Алар “Ооганстандагы окуяларга байланыштуу гуманитардык кыйроону алдын алуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу үчүн Кыргызстандагы, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды эсепке алуу менен курчап турган чөйрөнү анализдөө жана баалоо боюнча биргелешкен ишти баштайбыз” деп билдиришти.

Кыргызстанда террордук уюм катары тыюу салынган «Талибан» кыймылы 15-августта Кабулду алгандан кийин жүз миңдеген жай тургун качууга аргасыз болду. Кыргыз бийлиги ооган жарандарына виза берүүнү убактылуу чектегенин, виза студенттерге гана берилип жатканын билдирди. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь