Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанында экс-премьер-министр Темир Сариевди колдоо митинги аяктады.

Жактоочу Тимур Султанов билдиргендей, саясатчынын баш коргоо чарасы боюнча райондук соттун камакка алуу чечимине каршы даттануусун кароо эртең саат 09:00гө жылдырылды.

Буга себеп, Темир Сариевди сотко алып келбей, процессти онлайн форматта өткөрүүнү көздөшкөн. Жактоочулар мындай көрүнүш мыйзамсыз экенин белгилешип, Темир Сариевдин катышуусуз сот процессин өткөрүүгө каршылык көрсөтүшкөн.

Шаардык соттун жанында саясатчынын тарапташтары, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер митингге чыгышып, сот адилеттүүлүгүн талап кылышты.