-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Кабулда Украинанын учагы уурдалганы кабарланды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Евгений Енин украин жарандарын эвакуациялоо үчүн Кабулга барган украин учагы уурдалганын билдирди. Анын айтымында, Кабулда белгисиз куралдуу топ аба кемесин күч менен ээлеп алып, Иранды көздөй учуп кеткен.

“Иш жүзүндө биздин учакты уурдап кетишти. Учак Украинанын жарандарын Ооганстандан алып чыгуунун ордуна Иранга учуп кетти. Ага чейин жарандарды эвакуациялоо боюнча аракеттер дагы ийгиликсиз болду. Анткени биздин жүргүнчүлөр аэропорттун аймагына кире алышкан эмес”, – деди ал.

Ениндин сөзүнө караганда белгисиз адамдар куралчан болгон. Бул окуянын башка жагдайлары тууралуу ал маалымат берген жок.

Ал эми Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Олег Николенко министрдин орун басарынын билдирүүсүн жокко чыгарып, Евгений Енин украиналыктарды Ооганстандан алып чыгуудагы кыйынчылыктар тууралуу айткысы келгенин белгиледи.

Буга чейин Украина Кабулга үч учак жиберип, 256 адамды алып чыгып кеткени кабарланды. Эң соңку рейс 23-августта Кабулдан чыгып Киевдин Бориспол аэропортуна конгон. Андагы 98 жүргүнчүнүн 41и украин жараны экени айтылды.

15-августа талибдер Кабулду каратып алган, ошондон соң андагы чет элдик дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдар кызматкерлерин Ооганстандан чыгара баштаган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь